www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элге документ берүү үчүн Бишкекте калкты тейлөөчү төрт борбор иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтында жазылган.
Буга кошумча, калкты тейлөөчү чакан борбордон дагы үчөө бар.
Калкты тейлөөчү негизги борборлордун даректери төмөндө:
12-кичи район, Нуркамал көчөсү 29, "ДК" соода борборунун ичинде. №5, №10, 11, 17 троллейбустар, № 105, 110, 132, 150, 170, 172, 195, 204, 215, 243, 252 маршруткалар барат.
Чокон Валиханов көчөсү 2, "АЮ Грандкомфорт" соода борборунун имараты. №6, 7 автобустар, №5, 7 троллейбустар, № 102, 105, 128, 137, 147, 154, 166, 251 маршруткалар барат.
Жаш Гвардия бульвары, 4. (Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет) №18 автобус, №7, 8, 9 троллейбустар, №139, 159, 281, 360, 366, 396 маршруткалар барат.
Ауэзов көчөсү 1/5. "Два прораба" гипермаркетинин ичинде жайгашкан. №7 автобус, №105, 137, 154, 188, 251 маршруткалар барат.
Ал эми калкты тейлөөчү чакан борборлордун даректери:
— Чыңгыз Айтматов көчөсү, 3. ("Азия Молл" соода борбору);
— Чүй проспектиси, 96;
— Чүй проспектиси 41Б ("Глобус" супермаркети).
Булар аптасына жети күн бою саат 10.00дөн 19.00гө чейин иштейт.
Булак: NazarNews.kg