www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22 – майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин алдында түзүлгөн жумушчу топтун Баткен областындагы жыйыны улаантылды. Иш чаранын максаты Эмгек, миграция жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын талдап, аларды ишке ашыруунун механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат.
Баткен ОИИБнин криминалдык милиция кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча өкүлү Улукбек Мамытовдун белгилешинче, төрөтканада дагы адам сатууга байланышкан бир учур катталган.
Анда жаш эне башка бир эненин паспорту менен барып, ошол кишинин аты – жөнү менен төрөп, баланы ошол тарапка берүү ниетин ишке ашырмак болгон. Окуя учурунда билинип калып, кылмыш иши козголду. Окуянын каарманы Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл аймагындагы Жоогесек участкасынын 1983 - жылы туулган А.Б.Д. аттуу тургуну болуп чыккан, - дейт Баткен ОИИБнин өкүлү.
Булак:NazarNews.kg