www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-августта Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу М.М. Бектурганов Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Реми Дюфло менен жолугушту.

Жолугушууда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды.

Анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүү жана кылмыштуу активдерди кайтаруу маселелери каралды.

Ошондой эле Кыргызстандын жазык сот өндүрүшү жаатындагы Европа конвенцияларына кошулуусу, прокурорлордун квалификациясын жогорулатуу жана алардын Европа Бирлигинин программаларына практикалык катышуусун кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Последние новости