www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз патриоту Эркин Мамбеталиев Баткендеги чек арачыларга эки жип белек кылды”. Мына ушундай жаңылык айрым маалымат каражаттарына чыкты.

Андагы маалыматтар боюнча, ишкер Эркин Мамбеталиев чек арачылар менен жолугуп, алардын мекен алдындагы жооптуу ишин жогору бааларын, чек арада кез-кези менен кооптуу жагдайлар түзүлүп жаткандыктан, алардын материалдык-техникалык шартын жакшыртуу керектигин айтып, «Шевролет Субурман» үлгүсүндөгү 2 унаасын белекке берген. Чек арачылар бул белекке кубанып, ыраазычылык билдиришкен.

Мындан көп өтпөй ИИМ маалымат таратып, Эркин Мамбеталиев милиция кызматкерлерине унаа белек кылбаганын билдирген.

Эми Баткен ОИИБинин маалымат кызматы дагы билдирүү таратты. Андагы маалыматка караганда, милиция кызматкерлери документтерди текшерүү үчүн Баткен облусунун Кадамжай районунда жаран Э. Мамбеталиевге таандык "CHEVPOLET-SUBURBAN" үлгүсүндөгү 09KS822AAI жана 09KS822AAI мамлекеттик номурлуу эки автоунааны токтотушкан. Кадамжай РИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнө (Айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде кустардык, өнөр жайлык түрдө даярдалган же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күңүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу) ылайык протоколдор толтурулган. Андан соң, аталган автоунаалар ээсине кайтарылып берилген.

Ошондой болсо деле биз көп нерсеге түшүнбөй жатабыз. Мисалга, таркап кеткен сүрөттөрдө Эркин Мамбеталиев жана формачан кызматкерлер эмнеге бата кылып жатышат, унаасы тонировка болгон үчүн МАИ кызматкерлери токтоткон үчүнбү?..

Белгилей кетсек, Эркин Мамбеталиев мурда Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштеген. Ошол убакта, тактап айтканда, 2004-жылы ал ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Чыныбек Алиевди өлтүргөн деп кармалып, эркинен ажыратылган. 2005-жылы акталып чыгат да, 2006-жылы 8 адамдын өлүмүнө тиешеси бар деп шектелип кайра кармалат. Бирок сотто анын 3 кишини өлтүргөнү далилденип, өмүр бою эркинен ажыратылат. Ал эми Апрель революциясынан кийин “жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу” бул иш кайра каралат да, Мамбеталиев 15 жылга эркинен ажыратылат. Бирок жаза мөөнөтү мунапыс менен кыскартылып, эркиндикке чыккан.

Эркин Мамбеталиевге байланыштуу мындан эки жыл мурун да маалымат чыккан. 2017-жылы милиция кызматкерлери толугу менен тонировка болгон Lexus LX 570 жана чек арачыларга белекке берилгендей Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү эки жипти токтотушат. Анын биринде Мамбеталиев болгон. Текшерүү учурунда унаанын ичинен куралдар жана унаанын номерлери чыккан. Ошондой эле, унаалардын бирине жасалма номер тагылган болсо, экинчисинин документи жок болгон. Бирок анда Эркин Мамбеталиев кармалган эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости