www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган «Солидарность-2026-Кыргызстан» биргелешкен чек ара операциясынын негизги этабы өткөрүлдү.

Иш-чарага облустагы күч түзүмдөрүнүн жана өз ара аракеттенүүчү мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылды. Анын алкагында атайын автоунаалар, учкучсуз учуучу аппараттар, кызматтык жаныбарлар жана мамлекеттик чек араны кайтарууда колдонулуучу техникалык каражаттар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Каныбек Рыскулов операцияны уюшкандыкта жана сапаттуу өткөрүү боюнча кошумча тапшырмаларды беришти.

«Солидарность-2026-Кыргызстан» операциясы мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу, күч түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана чек ара аймактарындагы кырдаалга ыкчам чара көрүү максатында өткөрүлүүдө.

Последние новости