www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусундагы «Кайрагач» фитосанитардык көзөмөл пунктунда Тажикстандан Кыргызстандын аймагына алып келинген 160 килограмм коон-дарбыз текшерүүдөн өткөрүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталган.

Белгиленген талаптарга ылайык, фитосанитардык сертификатсыз жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги карантиндик продукцияны өлкө аймагына киргизүүгө жол берилбейт.

Сертификатсыз жалпы салмагы 5 килограммга чейинки подкарантиндик продукцияны, ошондой эле коон, дарбыз жана ашкабактан бир даанага чейин, гүлдөрдөн үч букетке чейин алып кирүүгө уруксат берилет.

Бул учурда жүктүн салмагы 160 килограммды түзгөндүктөн жана тиешелүү сертификат жок болгондуктан, продукцияны Кыргызстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилген эмес. Жүк жөнөтүүчү тарапка кайтаруу үчүн тиешелүү жол-жобо таризделген.

Фитосанитардык көзөмөлдүн негизги максаты — карантиндик зыяндуу организмдердин Кыргызстандын аймагына киришине жана таралышына жол бербөө.

Последние новости