www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев өзүнүн өзгөчө өйдө-ылдый мүнөзү, балп этмелери менен алты жылдык президенттик доорунда жакшы эле айырмалана алды. Эки сөзүнүн биринде Кудайды оозанып, «Ачыгын айтайын» деген сөздү ар бир сүйлөмдүн башында колдонуп атып эле элдин көзүн кудум гипнозчудай боемолой алганына да эми түшүнүп атабыз.
Көрсө, ал коррупцияга каршы күрөшүп аткандай түр жаратуу менен жаңы жаш коррупционерлерди тарбиялап-өстүрүп, контрабанданы калкалап, сырттан келген кредиттерди «устукандап», криминалдар менен табакташ болуп алган экен. Мисалдап берели, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо 111 млн доллардын изи жоголгону тергөөдө аныкталды.
Тарых музейин реконструкциялоодо да 100 млн сомдон ашуун мамлекетке зыян келгени ачыкталды. Дагы бир топ Атамбаевдин убагында жасалган, башталган ири долбоорлордо ири коррупция жойлогону коомчулукка белгилүү болду.
Мындан сырткары «3-4 күн ичинде өлүп калат экен, рак болуп калыптыр» деп абакта жаткан кримтөбөл Азиз Батукаев бир эле күндө соттун чечими менен бошотулуп, ошол эле күнү аэропорттон кызыл килем менен басып Чеченстанга учуп кеткенине да башкы күнөөкөр Алмазбек Атамбаев экени айтылууда.
Батукаев эч кандай оорубай эле 6 жылдан бери жакшынакай жашап атат. Алтургай жаш кызга да үйлөнүп алганы белгилүү.
Дача СУга кулаган учактан кийин Атамбаев өзүнүн жан-жөкөрлөрү менен контрабанданы да каалагандай ташыганын эл билди. Ал мындай контрабандалык жүгү аркылуу мамлекетке миллиарддаган төлөмдөрдүн түшүүсүнө жолтоо болгон.
Ошентип отуруп Атамбаев ашынган мультимиллионер болсо, анын шоопуру, жансакчылары да андан азыраак эле артта турган байлардын катарына кошулуптур. Алар эч кандай бизнес жасашкан эмес, мамлекеттик кызматтарда гана иштеген. Демек, мыйзамсыз байышкан.
Мына ушул окуялардын баары эч качан кыңыр иш кырк жылды күтүп отурбай турганын, эртерээк эли ачыкка чыга турганын көрсөттү. Атамбаев муну мамлекет башында турган кезинде түшүнбөсө керек. Ал калжаңдап каалагандай сүйлөп, каалаганымды камап, каалаганымды бошотуп жүрө берем, мага эч ким тийе албайт деген «деңгээлге» жетип калганын эми түшүнүп отурабыз. Өзүн түбөлүктүү хан сезип алган тура. Эми ошонун азабын тартуучу учуру келди. Ар бир жасаган ишиңе жооп бере турган убакыт болот. Жогоруда учкай айтылып кеткен кыңыр иштердин баарынын башында Атамбаев турган. Ал эми калгандары анын буйругун аткаруучулар болгону түшүнүктүү. Андыктан эми өзү чалган ботко үчүн өзү жооп бериши керек. Атамбаевди аңга түрткөн эч ким болгон жок, аны аңга түрткөн өзүнүн ач көздүгү, напсисин тыя албаганы болду.
Булак: NazarNews.kg