www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын Антикоррупция кызматы өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптарга (гемодиализ менен дарыланган) мөдициналык жардам көрсөтүүдөгү сатып алууларга байланыштуу мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул факты боюнча аудит дайындалган. Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 107 млн. сомдон ашык каражатка зыян келтирилгени аныкталган.
Натыйжада 7-февралда мурунку саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, билип туруп пайдасыз келишим түзүү деген негизде кылмыш иш козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: "Фабула"