www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата...

«Балдар биздин келечегибиз» дегендей балага башынан жакшы тарбия берилсе келечек да жакшы тарапка оосо керек. Балдарды тарбиялоодо өз салымын кошуп, ар бир өспүрүмдүн кыял жоругун баамдап билип, дайыма туура жолго багытын буруп келген, өз ишин сүйө билип мыкты кызматкер наамына татыган каарманыбыз Жолдошбек кызы Бегайым учурда Нарын ШИИБнын ЖӨИИнын улук аймактык тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты.

Алгачкы шилтенген кадам маанилүү

Мектепти аяктаган соӊ 2011-жылы Бишкек шаарындагы ИИМдин милициянын генерал-майору Жапар Шабиров атындагы окуу жайына тапшыргам. Ал окуу жайды 2014-жылы артыкчылык менен аяктап бүтүрүп, алгачкы милициялык кызматымды Нарын ОИИБнын Ат-Башы РИИБде ЖӨИИ болуп иштеп баштагам. Ал жерде эки жыл иштеп милициянын ишин даамдап көрүп, ишти түшүнүп алдым.

Андан кийин ошол эле жерде патруль милициясында иштеп, бир жарым жылдан кийин бул жакка которулуп келдим. Милиция кызматкери болуу бул форманы кийип алып ары бери басуу эмес. Менимче милиция кызматкери бул мыйзамдын кызматкери, кылмышкерлер менен күрөшүү жана элге сылык мамиледе болуу. Маселен « Милицияны эл жактырбайт»- деп келет, мен буга кошулбайм. Милиция кызматкерин жаман көрсөткөн бул кылмышкерлер же мыйзамды бузуп кармалган жарандар болушу мүмкүн. Эл милиция кызматкерлерине мамилеси жылуу экенин билем. Дегеле, жардамга муктаж болгон адамга өз убактысында жардам көрсөтүп, арыз доосун кабыл алып турса эле элдин милицияга болгон көз карашы жакшы жакка оойт.

Чоӊ атамдын жолун жолдоп…

Милиция кызматкери болуп калганыма чоӊ атам себепкер болду. Чоӊ атам милиция кызматкери болчу. Кичинемде чоӊ атамдын сүрөттөрүн көрүп мен да милиция болгум келчү. Биздин туугандардын арасынан мен жалгыз чоӊ атамды тартып милиция болдум. Баары мени макташат жалгыз ушул Бегайым чоӊ атасынын жолун жолдоду дешип. Өзүм да сыймыктанам, өзүмдүн ушундай болуп форма кийип милиция кызматкери болуп жүргөнүмө. Курбу кыздарым « Милицияда кантип иштеп жүрөсүӊ? Же майрамда колуӊ бошобойт дайыма эле иштесиӊ. Бирок кыз киши болуп туруп милицияда иштеп жүргөнүӊө сыймыктанабыз» - деп калышат. Кийип жүргөн формабызды дайыма сыйлашыбыз керек. Форма эле эмес менин погонумдагы жылдыздар көбөйгөн сайын кубанам, Ар бир жылдызга жетиш үчүн дайыма аракет кылып иштеп келем. Жеке эле мен эмес баардык милиция кызматкерлери ийининдеги жылдызчанын көбөйүшүнө аракет кылып иштешсе керек.

Өспүрүмдөр менен иштешүү устачылыкка барабар

Биздин жумуш өспүрүмдөр менен иштешкендиктен кылмышты болтурбоого аракет кылып, анын алдын алабыз. Өспүрүмдөр менен иштешүү чынында абдан эле оор, ар бир балага ар башкача мамиле жасоо керек. Өспүрүм балдардын кабыл алуусу, ойлонуусу, жүрүм- туруму зергердин жасап жаткан эӊ назик буюмундай десек болот. Ошол буюмду зергер кылдаттык менен жасап бүтүрсө, андан жакшы керектүү буюм чыгат. Эгерде зергер ката кетирип алса ал буюм начар болуп, колдонулбай да калышы мүмкүн. Маселен, атактуу кылмышкерлер жана террористтер алар да бир кезекте өспүрүм болушкан. Ошол кылмышкерлерди өспүрүм учурунда оӊ жолго салып, туура тарбия бергенинде балким кылмышкер болбой башка жакшы кесиптин ээси болмок беле. Ошондуктан жаш балдарды жашоодо туура жолго салып, жакшы багыт берсек келечекте жакшы адам чыгат деп ойлойм. Мектеп окуучулары менен көбүнчө түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Өспүрүмдөр арасындагы тентек шок балдарды дароо эле каттоого албастан, алардын ички дүйнөсүн түшүнүүгө аракет жасап, тескери жолго түшүп кетпесине бөгөт коюуга аракет кылабыз. Андан тышкары үй шарты начар жашаган үй-бүлөнүн өспүрүм балдарын да көзөмөлгө алып, кээ бир учурларда ЖӨИИ кызматкерлери өз чөнтөгүбүздөн акча чогултуп жардам да берген учурлар болот.

Өз кесибиӊди сүйө бил

Мыкты кызматкер болуш үчүн көп нерсе деле талап кылынбайт. Маселен, мугалим балдарга сабагын жеткиликтүү берсе, дарыгер сапаттуу дарыласа, курулушчу жакшы үйлөрдү курса кыскасы ар бир кесиптин ээси өз ишин мыкты билсе натыйжа оӊ болот. Андыктан ар ким өз ишин сүйө билүүсү керек. Берилген ишти өз убактысында жана так аткарып турган кызматкер мыкты кызматкер боло алат. Менин оюмча жакшы жетекчи же тажрыйбалуу милиция кызматкери болуш үчүн кичинеден баштап анан тепкич сымал өйдө көтөрүлсө, алып барган ишиӊдин маӊызына түшүнүп алсаӊ, иштешке оӊой болот деп ойлойм. Андан тышкары иштеген кесиптештер менен жакшы маанайда жүрсөӊ, аткарган ишиӊди жетекчилик да баалап, билип турса мыкты кызматкер болуу алыс эмес.

Д. АСАМИДИНОВ

Булак: NazarNews.kg

Последние новости