www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бирбайке” аккаунту менен соцтармактарда ар дайым позитивдүү маалыматтарды таратып келген Данияр Чормошев аттуу инсан бул ирет өлкөбүздүн түштүк аймагынын борбору болгон Ош шаарындагы аксакалдардан алган мыкты таасирлери менен пикир бөлүштү. Анда ал Ош шаарындагы аксакалдардын ар дайым жарык маанайда жүрүшкөнү, достукка бекемдиги, өткөн иштерге эч бир көңүл чөктүрө беришпегендиктери, балким ошол себептерден улам алардын алды 100гө таяп, “кичүү” инилери 81 жашта болгондоруна карабай, айрым жаштардан да күүлүү-күчтүү экенин айтат.  

Төмөндө постту толугу менен беребиз:

-Тамактанууга Ош шаарын ичинен билүү үчүн өзгөчө жерге барып түштөндүм. Жаныбызда ушул аксакалдар тамактанып отурушту. Мен үчүн абдан өзгөчө, үлгү ала турган көрүнүш болду. Себеби, алар бактылуу жүздөрү менен сүйлөшүп отурушканын байкадым. Жакындан таанышкым келди. Тамактанып бүткөн соң жанына барып тааныштым, алар "биз менен отур" деп, сүйлөшүп калдык.

Эң улуусу - оң жагымда отурган аксакал 92 жашта, эң кичүүсү, анын оң жагында отурган аксакал 81 жаш куракта экен. Арасынан 87 жашка чыкканы 81 жашка чыккан аксакалды көрсөтүп: “ушул бала биздин эң кичүүбүз” деп тааныштырды.
Мен байкаган жана баалаган нерселер:
Биринчиден, ушул жашка келишип, жакшы ден-соолукта жүрүшкөнү.
Экинчиден, ушул жашка келишип, маанайы жарык жүрүшкөндүктөрү.

Үчүнчүсү, ушул жашка келишип, “дос” деген сөз ыйык болуп турган учурда ушунча санда дос күтүүлөрү.

Төртүнчүсү, кичүүлөрдүн аларга, алардын кичүүлөргө кылган жакшы мамилелери.
Бешинчиси, ушул жашка келишсе да “жить кылып” жүрүшкөнү.
“Жить кылуу” деген - бул өткөн чакка кейибей, ал учурдан сабак алып, келечектен коркпой, учурга план коюп, азыркы учурду баалап, кадырлап, ырахат менен өткөрүү!
Алтынчысы - өзүн сүйгөндөрү, сыйлаганы, жашоону сүйгөндөрү. Себеби, өзүн сүйгөн, сыйлаган адам өзгөнү да түшүнө алат, сүйө алат. Өзүндө ал сезимдер жок болсо башкага эмес, жада калса өзүнө да бере албайт.
Билген башка, каалаган башка, жасаган башка. Буларды көрүп жогоруда артыкчылыктарды билип, каалап, жасап кийинки муунга калтырсын деген ниет келди. Биз үчүн ар бир эл, ар бир улут, ар бир үй-бүлө, ар бир адам үлгү болуш керек!
Себеби, Ыйык Курандын 49-сүрөөсүнүн 13-аятында мындай деген мааниде айтылат: "Биз силерди ар кайсы улут кылып жараттык, бири-бириңерди билиш үчүн. Силердин араңарда Алланын алдында кадырлууңар бул - такыбаңар"
Уккан башка, көргөн башка, миң уккандан бир көргөн көргөн артык дегендей. Өзбек бир туугандардан, тактап айтканда, чайханада “жить кылышып” жүргөн аксакалдардан жогорку артыкчылыктарды көрдүм, билдим, өзүмө копи паст кылдым (көчүрүп алдым).
Аксакалдардан аягында бата алып, жашоомду улантып кеттим.
P. S. Өзү адам баласы сөз менен эмес амал менен жакшылыкка чакырганы таасирдүү. Мен үчүн жакшы жашоо образын айткан эмес, жашаган адамдар үлгү, алардан сабак алып...

 

Последние новости