www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кусалык... Дайыма эскерип жазам, ар дайым Куран окуп сообун багыштап.

Үчөөбүз чогуу жашаган эки бөлмө чатыры жок жалпак там азыркы учурдагы үч кабат үйдөн артык экенин жүрөгүмдө сезем. Кандай бактылуумун. Абышка-кемпир ушунча небересинин арасынан мени багып алганына тагдырыма ыраазымын. Анткени дал ушул кутуруп ойноп жаткан Алиханымдай кезимде мага "Манас" китебин окуткан адам - тээтиги сүрөттөгү сокур атам Ырсаалы эле. Тамганы тааныткан апам эле. Ар кимди алып келип катып койгон момпосуюнан берип мага орус арибин үйрөтүп койгулачы, сокур атасына китеп окуп берсин деп мени ким гана окутпады. 36 тамганы 36 киши үйрөткөндөй эле болгон. Толук окуп чыккан китебим Сагымбай Орозбаковдун вариантында жазылган ичинде атактуу Герцендин сүрөтү тартылган көк мукабалуу "Манас" китеби...

Эртең китеп сүйүүчүлөр үчүн аш басып бересиң деген Олжобай Шакир досумдун заказы. Садык Шер-Нияз экөө уюштуруп жаткан жарманкесине салым кошуп калайын деп сабиз менен пияз аарчып отурам. Пияздын кабыгын аарчып отурсам көздөн жаш куюлат. Алихан чуркап келиптир. Ата, почему ты плачешь?-деп. Менин орусчам начар. Оюмду толук жеткире албай калам. Аялымдын бирдиги меникинен да аз. Бирок, балдарымдын тили орусча чыгып жатканын эстеп, анан сабиздин кабыгындай аарчылып жаткан өмүрдү ойлоп, көзүмдүн жашын пияз аарчып чыгарып алганыма Олжобай Шакир досума ырахмат айтып отурам. Балам болсо ыйлаба, кел күлөбүз дейт. Сен күлсөң мен сүрөткө тартып алайын десем чын дилинен, наристелик кыялы менен күлүп сүрөткө түшүп берди.

А мен болсо, жасалма күлөм. Жашоом да жасалма. Бирөөнө жаман көрүнүп албайын деп ойлонуп сүйлөйм. Досторум көп. Кимиси душман экенин билбейм. Анткени, алардын да меникиндей маскасы бар. Эртең масканы чечип алып "Манас" кинотеатрына барам. Чын дилимден түн ортосуна чейин чечинип алып туураган эт, сабиз, пиязга жан дүйнөмдөн чыккан мээрим менен палоо даярдап барам. Анжияндан келген ашпозчу деп мактап жаткан атын да билбеген өзбек бир тууганым келет. Аш басып берет. Китеп сүйүүчүлөр үчүн! Менин китебимди ала тургандар "Манас" кинотеатрына келгиле. Китебиме аш кошуп берем. Жакындан таанышабыз. Саясаты жок, маданиятты сүйлөшөбүз. Китептердин жарманкесинен жолукканча жакшы эс алыңыздар досторум. Билимдүү жаштар келечекте өнүккөн мамлекетти курат. Китеп билим булагы, китеп билим чырагы. Баардыгыбыз Манастан, китеп тилин угалы- деген жаңыча чакырык кылалы...!, деген пикирин Жамалбек Рысалиев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости