www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдарына карата куугунтук жүрүп жатат деп адатына салып трибунадан кыйкырып алды.

- Саясий куугунтук экс-президенттин үй-бүлөсүнө жетти. Аскер прокуратурасы Атамбаевдин уулунун ишканасын кайра-кайра текшерип турууга мажбурлоодо. Атамбаевдин балдарын куугунтуктоого өттүңөр. Напсиңерди качан тыясыңар? -деди депутат Карамушкина.

Кызыгы, депутат Ирина Карамушкина мыйзамды билип туруп, Жогорку Кеңештин трибунасында каалагандай сүйлөп жатканын кандай түшүнсөк болот.

Эске сала кетсек, 7-8-августта жүздөгөн адам жаракат алып, бирөөнүн чырактай уулу каза болуп, Самат Курманбековдун жаны жакасында болуп, араң гана өзүнө келди. Бул депутатка мыйзам жокпу? Башка учурда “митингге катыштың” деп жарандарды камаган УКМК менен ИИМ элди ачык ызы-чууга чакырган Карамушкинаны качан камайт? – деген суроо туулат.

ЖК депутаты өтө эле эркелебей, “талтаң-талтаң” басып кеткен жокпу ИИМчилер!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости