www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад облосунун аймагында ар түрдүү иш-чаралар милиция тарабынан колго алынууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганды, Тогуз-Торо РИИБнин кызматкерлери район борборундагы жана Арал айылындагы ИИМдин ардагери, милициянын генерал майору Т.Жээналиевдин ысымын алып жүргөн көчөлөрдү тазалашты. Илинген табличкалар иретке келтирилип, актап-сырдоо иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары Ала-Бука РИИБи тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында кичи-футбол уюштурулду. Ар улуттун өкүлдөрүнөн куралган жалпы 8 команда күч сынашып, жеңүүчүлөргө кубок, медаль, акчалай сылыктар ыйгарылды.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости