www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жергиликтүү компаниялардан бирине маек бергенден кийин социалдык тармактарда талкуу күчөдү. Белгилүү тележурналист Бейшенбек Бекешов өзүнүн пикирин төмөнкүчө билдирди. 

--АШАнын "чындыгын" уктук. Ага ачык иштегенине карабастан журналист кесиптештер өз милдетин аткарышты. Берилбеген суроо деле калган жок. АША өткөн бир жыл ичинде баарын түшүнүптүр. Эң башкысы - өзүндө эч кандай саясий келечек жок калганын түшүнүптүр. Бийликтеги кезине караганда кадыресе жели чыккан демагогиясына эми деле эч кимди ишендире албасына көзү жетип калганы ачык эле сезилет. Эмики бир гана максаты Сооронбай Жээнбековду бийликтен шыпырып түшүү, калганы эмне болсо ошо болсун деген гана ой. Шымын булгаган колун аябасы көрүнүп турат. Чоң ызы-чуу чыкса, ошол баш аламандыкта осурган уйдай болгон азыркы абалымдан кутулуп кетсем деген эле сөз. Элдин, өлкөнүн, мамлекеттин кызыкчылыгы эч убакта башын оорутпаганы айдан ачык көрүнүп турат. Чынында бүкүрдү көр да түзөй албайт, - деп жазды Бейшенбек Бекешов. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости