www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы Бек Борбиев өзүнүн социалдык баракчасынан депутаттардын шайлоо алдында берген убадаларын ким текшерет деген суроо менен билдирүү жазып чыкты.
“Шайлоонун алдында берген убадаларыңды аткардыңбы урматтуу депутат?
Аткардыбы жокпу, ким текшерет? Же текшербеш керекпи? Отчёт берилбейби? Ал аткарылбай калган убадалары үчүн жоопкерчилик болобу? Ишке ашырабыз деген программаларын партиялар аткарбаса, кийинки шайлоого барганга укугу барбы? Же дагы деле мурдагыдай убадалар айтылып, жообу жок аткарылбай кала береби?
Шайлоо - малга туз берген сыяктуу эле боло береби, 5 жылда элге 1000 сомдон таркатып коюп олтура бергендей. Айтор, суроо көп, жооп жок,-деп ырчы жоопсуз суроолорду жамгырдай жаадырды.
Булак:NazarNews.kg