www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алладан берилген касиеттин негизинде түштөгү аян аркылуу адамдын аурасын тазалап, оорунун азабынан жардам сурап кайрылган бейтаптарды таза сакайтып келе жатканына 17 жыл болгон экстрасенс, элдик дарыгер Бекев Тойчу менен жакында маектешкен элек.
Бул экстрасенс кайрылгандарга айрым учурда турмушта кездешкен көйгөйлүү маселелерди чечип берүү менен бирге, жасаган ишинен жүз пайыз жыйынтык чыгаргандыгы менен башкалардан айырмаланып турат. Тойчу мырза кеп кезегинде өзүнүн ишмердүүлүгүнөн тышкары Казакстандын президентинин ден соолугу тууралуу аян алгандыгы тууралуу да айтып берди.
--Тойчу мырза, азыркы кезде бейтаптар сизге кайсы оору менен кайрылып жатышат?
--Учурда мага шал оорусу боюнча бейтаптар көп кайрылышат. Бейтаптарды мен көбүнчө түш аркылуу аян көрөм. Бул оорунун кесепетинен бейтаптын колу-буту үшүп, акыры музга окшоп муздап анан цементтей болуп катып калат. Бейтаптар доктурга барышканда алар ооруну убактылуу токтоткону менен толук айыктыра алышпайт. А мен бейтаптарды Алладан берилген энергиялар менен сакайтам. Тактап айтканда, менден шыпаа издеп келгендерге жүз пайыз кепилдик берем.
--Талма оорусун дагы дарыласаңыз керек...
--Алгач мага бейтап келгенден кийин түш аркылуу аян алып анан дарылай баштайм. Бейтап айыккыча акчасын албайм.
Мисалы, шал оорусу 40-50 күнгө чейин окулса, ал эми талма оорусу менен ооруган бейтаптардын кээ бирлери 60 күнгө чейин окулат. Алардын айрымдарынын колу-буту тырышып, ооздорунан ак көбүк агат. Бул дарттан кыйналган бейтаптар доктурга кайрылышканда, аларды ооруканадан убактылуу тынчтандыруучу дарыларды берип бир жумадан кийин эле чыгарып жиберишет. Мен өзүмдүн дарыгерлик касиетиме жүз пайыз ишенем. Анткени буга чейин үч-төрт адамды толук сакайткам. Эгер кызыгып сурай тургандар болсо менден айыгып кеткен бир кыздын телефонунун номерин берем. Чындыгында башкаларга окшоп бейтап айыга электе алдын ала акчасын алгым келбейт. Ошон үчүн таза айыккандан кийин гана акчасын алам.
--Жин ооруну толук айыктырасызбы?
--Бул оору менен да кайрылышат. Алгач мага 14 күн окуй турганым тууралуу аян келет. Бир айга чейин да окула турган аяндар келгендиктен ортодон мен бир аз эс алышым керек. Жин оору менен ооругандар бир орунга турбай качкандыктан аларды кууп жетүү да кыйынчылык жаратат.
Алардын желкесине туруп алган жин-шайтандарды аян аркылуу көрөм. Качан алар биротоло жок болмоюн окуй берем. Негизи жиндер адамдын башында, аркасында, желкесинде болот. Бул ооруну дагы жүз пайыз айыктырамын.
--Кекечтенип сүйлөгөндөрдү да айыктырганыңыз тууралуу уккан жайым бар эле...
--Бул тууралуу айта турган болсом адамдын тамагына эчкиге окшош адам туруп калат. Муну илешме деп айтсак да болот. Мындан арылганда гана адамдын тамагы ачылып жакшы сүйлөп калат. А мага кээде илхам келгенде курандагы ясин сүрөөсүн, андан башка өзүм билбеген аяттарды окуганда баягы илешме өлөт.
Мындай илешмелер ырчылардын да тамагына туруп калат. Буга чейин мага Рыспайдын ырларын аткарган бир ырчы келип мурдагыдай ырдай албай кыйналып жатканын, тамак-ашты жакшы жей албай калганын айтканда 12 күн дарылаганымда айыгып кеткен.
Эми бул жашоодо адамдардын ортосунда көрө албастыктар көп болгондуктан ырчылар деле байкабай дуба ичип алган учурлар кездешет экен. Ошон үчүн үндөрү буулуп калат. Кээ бир ырчыларда Алланын нуру болот. Ошол нур караңгылай түшкөндө ырчы элди өзүнө жакшы тарта албай калат. Дегеле үнүн калыбына келтиргиси келген ырчы мага келип 12 күн сеансыма катышса үнү ачылып өзүн жакшы сезип калат. Негизи эле мен көбүнчө адамдын аурасын тазалайм. Аура таза болсо адамдын иш жолдору ачылып баардыгы жакшы болот. Азыркы учурда кара сыйкыр менен алек болушкан көзү ачыктар көбөйүп кетишкендиктен, ошолордун кесепети Ааламдагы ак касиеттер менен иштеп жаткандарга тийгендиктен эл дагы чыныгы касиеттүүлөргө да анча ишене албай жатпайбы. Эгер каалоочулар болсо мага келип тазаланышса болот. Анткени мен Алладан берилген касиеттин негизинде түштөгү аян аркылуу самын, суу, туз менен тазалайм.
Түш демекчи, жакында эле Кыргызстандын муфтийи өзүнүн берген маегинде “түшкө ишенгиле” - деп айтканын уктум. Баардык адамдын жүрөгү, башы таза болсо иши да жакшы болот. Ошон үчүн тазаланышы керек.
Мисалы, мага турмушка чыга турган кыздар келет, бирөөнү жактырып калганын айтып. А мен аларга жүрөгү менен башын тазалаткандан кийин өзү каалаган адамга турмушка чыга турганын айтам. Алардын кээ бирөөсү тазаланса, айрымдары тез эле жыйынтык чыгарып беришимди айтат. Ал эми тазаланган кыздарга “Сага кайсы жигит болсо да Алла алып келсин. Ал сени жүрөгү менен сүйсүн”- деп жыйынтык чыгарып беремин. Демек, мени каалоочулар келип сынап көрүшсө болот.
--Сиздин элге белгилүү адамдардын ден соолугу тууралуу аян аркылуу маалымат алган өзгөчө касиетиңиз бар экендигинен мурда эле кабардар болчумун. Дегеним, биздин мамлекеттеги айрым аткаминерлерден тышкары коңшу өлкөлөрдүн лидерлери тууралуу жакынкы эле жылдарда алган маалыматыңыз барбы?
--Мен Лейлектен бул жакка жөнөгөнүмдө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин башы ооруй турганын түштөгү аян аркылуу көрдүм. Назарбаев түгүл башка эч ким оорубасын. Негизи бул кишини айыктыруу колумдан келет. А оорунун себебин өзүнө жолукканда гана айтмакмын. Кудай буйруп жолугуп калсам...
Нурлан ИСАМАТОВ
Булак: NazarNews.kg