www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсиңиздерге салсак кече жакында эле Эркектер жөнүндө оюн билдирген алып баруучу Назира Айтбекова коомчулукта кызуу талкууга алынган. Анын айткандарына жооп кылып Бекжан Шыгаев өз пикирин билдиргенАны менен эле токтоп калбастан талкуу узак убакыт уланып каармандар КТРКда жолугушуп өз ара пикир алышкандан кийин бир пикирге келгендигин Назира Айтбекова жөн жерден эркектердин намысына тийбегендигин, анын айткан сөздөрүндө чындык жатканын жарыя кылды.

Төмөндө Бекжан мырзанын пикирин өзгөртүүсүз беребиз.

"Коомдо аялдын орду кандай болуш керек, "Үй бүлөдө эркектин ролу" деген аталыштагы талкууга катышып кайттым. Негедир өмүрлүк жубайыма мындан да татыктуу мамиле жасай албай жаткандыктанбы же сүйлөгөн сөзүм кимдир бирөөнүн дарегине катуу тийип калабы дедимби, айтор сөзгө чоркок жаным коюлган теманы ачылып талкуулаганга дараметим жеткен жок. Дегеле айткан сөзү менен кылган иши төп келген адам жашоодо өтө аз болсо керек.

КТРКнын босогосун аттап жатып, "Мен чын эле кандай атамын?" деп жибердим ичимден. Кадимкидей муздак тер басып кетти. Сүйлөгөн сөзүмдү келинчегим, тааныштар, жек-жаат угуп "Бекжан, ушул сөзүң калп болуп калыптыр. Кантип уялбай айттың?" дешсе эмне дейм деп, Илим Карыпбеков агабыз кычырата жасап койгон узун коридор менен өзүм менен өзүм сүйлөшүп бараттым. Асмандан чагылган "Жарк!" дей түшсө бир заматта чыгыш менен батышты бириктирген бактын тамырына окшогон жарык пайда болгон сыяктуу үйлөнгөндөн берки жашоом көз алдыма элестей түштү. Уялып кеттим...

Себеби аялын сыйлаш үчүн кышында подъездин тепкичин жууп, тапкан аз-маз тыйынына аялын Ысык-Атага, тоолорго, көлгө эсалдырган досум бар эле да. Ал досумду үй бүлөгө жасаган мамилеси үчүн урматтайм. Анткени Пайгамбарыбыз САВ: "Араңарда эң жакшыңар үй бүлөсүнө жакшы мамиле кылгандар!" дегенге амал кылып жатат. Атаңдын көрү, адамдын жакшы жагын көрө билүүгө көкүрөктөгү кызганыч жол бербейт тура. Бу сапат кыргызда сейрек кездешүүчү сапат. Сөздү узартпаш үчүн тарыхка кайрылсак дейм. Кудай Таалам акыркы демге чейин ата-энебизди, үй бүлөнү урматына коюп, кадырлап жашашты насип кылсын! Коомчулукта кытайга тийгенин, аборт жасатканын, сойкуларды, аялынын тилине кирип ата-энесин таштап кеткендер, деги койчу баарына эркектер гана күнөөлүүбүз. Биз акылдуу, күчтүү болсок бүгүнкү көйгөйлөр жаралбайт эле. "Бул акмак аборт жасатып жатат!" деп жумурай журт жектегенибиз менен, байкуш немени "Ким боозутту?!" деп эч ким күнөөлөбөйт. "Бул сойку! деп, сөөмөй кезегенибиз менен алардын ишин ким жүргүзүп жатат? Эгер, сойкуга бир жума эркектер барбай койсо ачкалыктан бөлөк жумуш карай башташат беле...

Эсепсиз туудуруп күйөсү бөлөк аял алып таштап кеткен аялдарды көрсөң көпкө жаман болосуң. Байкуш аялдар арманын кимге айтаарын билбей аргасыздан соц.түйүн менен бөлүшүп жаткан учуру. Аларга жөлөк керек болуп жатат. Эркектер чыйралбасак болчудай эмес. Кайсыл коомдо катындардын үнү бийик чыгып же эки тизгин, бир чылбырды аялдар колго алса андай коомдун келечеги жок!"- дейт Бекжан мырза өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости