www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда чочко тумоосу

Индияда жылдын биринчи 13 күнүндө чочко тумоосунун айынан 49 киши каза болду.

«Hindustan Timesтын» Улуттук ооруларды текшерүү борборунун маалыматтарына карата берген кабарында жалпы өлкөдө жылдын башынан бери 13 -  январга чейин 1694 кишинин чочко тумоосу менен ооругандыгы жана булардан 49нун каза болгондугу белгиленди.

Бул сандын өткөн жылдын январь айында  катталган 798 оорулуунун эки эсесинен дагы көп экендигине көңүл бурулду.

Чочко тумоосуна байланыштуу өлүмдүн Ражастан аймагында катталгандыгы белгиленген кабарда 2019 -  жылдын биринчи эки жумасында 789 киши  чочко тумоосу менен ооруган аймакта 31 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Дели, Гужарат жана Харяна аймактары болсо оорудан эң көп таасирленген аймактар болду. Өткөн жылы 14 миң 999 кишинин чочко тумоосу менен ооругандыгы ырасталган өлкөдө чочко тумоосу деп билинген H1N1 вирусунан улам жалпы 1103 киши каза болгон.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости