www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беш баласына алимент төлөбөгөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Акыйкатчыга Талас облусунун тургуну кызы жана неберелеринин укугун коргоого жардам сурап кайрылган.

Аялдын айтымында, 40 жаштагы кызы 2025-жылы күйөөсү И.Т. менен ажырашкандан кийин беш баласына алимент өндүрүүгө арыз берген. Бакай-Ата райондук соту эмгек акынын жана башка бардык кирешелеринин жарымын төлөп турууга милдеттендирген.

Алимент 2025-жылдын 28-январынан баштап өндүрүлүп баштамак. Бирок балдардын атасы соттун чечимин этибарга алган эмес.

«Неберелеримдин атасынын айыл чарба жери, малы, унаасы бар, бирок ошол эле учурда балдарына алимент төлөбөйт. Кызыма кыйын, балдары жаш, бир кызынын майыптыгы бар», - деди арыздануучу.

Ал арызында сот аткаруучуларынын жана милициянын аракетсиздигине даттанган.

Анын айтымында, Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмү карызкордун майыптыгы бар экенин айтып, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Бакай-Ата райондук прокуратурасына жана Талас облусу боюнча сот аткаруучулар кызматына кат жөнөтүшкөн.

Жыйынтыгында 2026-жылдын 12-июлунда И.Т.га каратаКылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү (Ата-эненин балдарын багуудан качышы) менен кылмыш иши козголгон. Учурда райондук милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Последние новости