www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн аптада Бабановчулардын жаалы көтөрүлүп, эми Өмүкеге жол ачылат окшойт деген канаттуу сезимдер пайда болгон. Ал тургай Руслан Казакпаев:- “Жаңы жылда лидерибиз буйруса келет” –деп маанайы жаркыган. Тилекке каршы парламентте маселе көтөрүлбөй, “мотор” от албай пыш этип токтоп калды. Ушунун айынан Асел Кодуранованы орун басарлыктан өзөртө тээп өч алышты. Кыскасы парламент Бабановго каршылыгын ачык көрсөттү.
Эми окуя кантип уланат? Эч кантип уланбайт. Анткени бийликтин укуругу өтө узун экенин эстен чыгарбоо кажет. Жарым миллиондон ашуун колдоочусу болгон Бабановдун азыркы бийликке эмне кереги бар? Ал келди дегиче алар тынч уктай албай калышаары турган иш да?
Ошондуктан Өмүке Москвада борщун ичип дагы көпкө жүрөт го чамасы. Күч атасын тааныбай турганда бетке муздак суу чачыла берет. Коргоо комитетиби, колдо комитетиби миң ирет түзүлсө дагын Өмүрбектин өлкөгө келишине чыйыр салып бералбайт.
Демек, убара болбой эле койгула деп койсок капа болбостур, бабановчулар? Бул маалымат “каарманга” жетсе туура айтылганына ынанып калар деген пикирдебиз. Түз айткандан бир жерибиз кемип калмак беле?
Булак: "Ачык сөз"