www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн 30-июндан тарта Россиянын аймагына кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кире баштайт. Эми чет өлкөлүк жарандар Россияга баруудан 72 саат мурун арыз бериши керек. Арыз «RuID» тиркемеси аркылуу кабыл алынат.
Шашылыш дарылоо, оор илдет же жакын туугандын өлүмүнө байланыштуу жагдайда 4 саат мурун арыз менен кайрылууга болот.
Бул процедура Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасын визасыз режим менен кесип өткөн чет өлкөлүк жарандар үчүн милдеттүү.
Төмөнкү категориялардан тышкары:
- Беларусь жарандары;
- дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери;
- 6 жашка толо элек чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар.