www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Билбеген айып эмес, көнбөгөн айып...”

Facebook баракчасына белгилүү журналист Темирлан Ормуков президент тууралуу мындай деген пикирин жазган: -  учурда Сокенин орусча жакшы билбегендигин катуу сындап айрымдар мыскылдап, шылдындап жаткан кези... Эмне себептен мындай жагдай жаралып Соке күлкү болуп олтурат??? Бул жагдай жөн жерден болбосо керек.

Балким кандайдыр бир касиетке ээ болгон руханий куч кыргыз тилинин өсүшүнө жолдоп жаткандыр... Мындай жогорку деңгээлдеги жолугушууларда орусча сүйлөй албай уят болгуча тилмеч ээрчитип алып кыргызча эле сүйлөгөн дурус болоор? Эгер президент орусча жакшы биле албайм ошондуктан тилмеч пайдаланам деген шылтоо менен жалан кыргызча сүйлөп жүрсө калган тоболдор да кыргыз тилинде суйлөйлгөнгө өтүшмөк. Чет өлкөлүктөр да ошол эле Путин туура түшүнмөк эгер Соке котормочу менен жүрсө... Мисалы Путин АКШга же Британияга барганда англисче тамтандап аракет кылбайт го жөн гана тилмеч аркылуу сүйлөй берет. Ошол сыңары Сооронбай Шарипович деле азыркы жаралган жагдайды пайдаланып, жалаң кыргызча суйлөп тилмеч орусчага которуп турмайга өтсө Кыргыз тилибиз бир топ даражага көтөрүлүп калат. Албетте эгер орусча жакшы билип туруп анан жалаң кыргызча сүйлөп, тилмечке котортуп койсо анда ажо расмий тилди "признавать" этпей жатат, улуттук бөлүнүүнү колдоп жатат деп орус тилдуу жарандар чуу көтөрүп чыгышат. Ошондуктан Сокенин орусча жаңылып сүйлөп жатканын жаап, жашырбай тескерисинче ачык жарыялап мындан ары ажобуздун орус тилде суйлөөсу шартка байланыштуу тилмеч аркылуу камсыздалат деген сыяктуу коментарийлер менен коштоо керек. Ушундай кылып бул жагдайды пайдаланса көпчүлүк туура эле көрөт. Орус тилдүү жарандар деле туура кабыл алышат. Жыйынтыгында бара-бара Кыргыз тили күчтөнүп өсө баштамакчы...
Ойлонуп коргулочу...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости