www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-январь күнү кечинде Москванын түштүк-батышында жайгашкан мейманканалардын бирине бир нече адам кол салды. “Меймандар” “РАО Академичечкая” мейманканасына кирип, эки 32 жана 50 жаштагы кардар менен мушташып кетишти. Мушташ учурунда мейманканага кирип келгендердин бири тапанча алып чыгып, ок чыгарган. Бул тууралуу KP.RUга шилтеме берип, Комсомольская правда жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мейманкананын эки кардарына тең ок тийип, ооруканага жеткирилген. Аткан кишиде аскердик эмес, травматикалык тапанча болгону маалымдалды.  Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, бир адамды кармашкан.

Маалымат боюнча, ал 24 жашта жана жумушу жок. Окуяга тиешеси барлардын баары КМШ өлкөлөрүнүн тургундары.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, конфликт акча карызынан келип чыккан.

Учурда калган кылмышкерлер изделүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости