www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Twitter социалдык тармагынын колдонуучулары Кыргызстандын «Биримдик» партиясы менен «Единая Россия» партияларынын логотиптерин салыштырышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарынын бири жазып чыкты.

Колдонуучулар логотиптердин окшоштугун сөз кылып, төмөндөгүдөй пикирлерди калтырышкан:

“Аюу гана жетпей турат”,-деп жазган  колдонуучулар.

Башкалары “Биримдик” плагиат кылган десе, үчүнчүлөр партиянын логотибинде эмне үчүн  Кыргыз ССРинин желеги түшүрүлгөндүгүн сурашкан.

Кыргыз ССРинин желеги

Эске сала кетсек, “Биримдик” партиясы 2020-жылдагы шайлоого катыша тургандыгы маалым болуп жатат. Юстиция министрлигинин айтымында “Биримдиктин” жетекчиси Марат Аманкулов экендиги айтылууда. Ал эми партиянын мөчүлөрүнө 10 киши кирет. Партия 2010-жылдан бери бар.

Айрым маалыматтарга караганда “Биримдик” “Ар-Намыс” партиясы менен бириккендиги үчүн чоң саясатка кире алган деп айтып келишет. СДПКнын азыркы курамындагы Дастан Бекешов, Кожобек Рыспаев, Айнура Алтыбаева, Исмаил Исаков өңдүү мүчөлөрү ал партияга барганга чейин “Биримдикте” болгондугу айтылган.

Ал эми Россиянын “Единая Россия” партиясы Россия Федерациясындагы эң чоң партия жана аны “өкмөт” партиясы деп дагы аташат. Анын лидери Дмитрий Медведев.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости