www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бетин алмаштырган биринчи кара терилүү адам. Операция 16 саатка созулуп, ага 45 врач катышкан. Мындай маалыматты уккандар поп-король Майкл Жексончу, ал деле бетине операция жасатып, ак терилүү болбоду беле деген суроо туулушу ыктымал. Бирок бул жолу биринчи жолу кара терилүү адамга дал өзүнүкүндөй бет коюлду.

Ошентип Калифорниянын 68 жаштагы жашоочусу Роберт Челси биринчи жолу бетин алмаштырган кара терилүү адам болуп калды.

Ага ылайыктуу донор табылганча бул операцияны 6 жыл күтүүгө туура келген. 2013-жылы Роберт каршы тилкеге чыга калган мас айдоочунун азабынан автокырсыкка учурап, бети-башы киши таанылгыс болуп, денесинин 60%ы күйүп калган. Кырсыктын кесепетинен ал коркунучтуу кинонун зомби каармандарынан эч айырмасы жок эле.  Аны көргөн кишинин үрөйү учары шексиз.  

Роберттин бетин алмаштыруу операциясы 16 саатка созулуп, ага 45 врач менен медайым катышкан. Операция ийгиликтүү өткөн, бир нече айдан кийин чачы өсүп, алмашкан бетине кан жүгүрө баштаган. Азыр болгону Робертте эрин булчуңдарында бир аз көйгөй жаралууда. Бул да убакыттын өтүшү менен өз калыбына келе тургандыгын айткан хирургдар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости