www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жүргүнчүлөр үчүн Бишкек — Москва поезд каттамынын баасы арзандайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы менен россиялык «Российские железные дороги» ААКсы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жол кирени арзандатуу чечимине келишкен. Анын негизинде 2020-жылдын башынан тарта билеттердин баасы вагондордун категориясына жараша 18,1 жана 19,9 пайызга чейин төмөндөйт.
Ошондой эле ушул жылдын сентябрь айынан тарта «Кыргыз темир жолунун» кассаларында Россия, Казакстан жана Белоруссиянын ички каттамдарынын билеттери да арзандай баштайт.
«Самара - Саратов темир жол каттамынын учурдагы баасы 4 120 сом болсо, жаңы кызмат киргенден кийин анын наркы 1581 сом болот», - деп министрликтен билдиришти.
Мындан сырткары, темир жол менен саякаттаган эс алуучулардын тобу үчүн дагы билеттердин баасы 20-30 пайызга чейин төмөндөйт, - дейт "Де-Факто" гезити.
Булак: NazarNews.kg