www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүү өтүп жатат. Сотто жабырлануучу тараптын, "Электр станциялары" ишканасынын күбөсү Руслан Байдинов көрсөтмө берди. Бирок ал айыпталуучулардын адвокаттары берген суроолордун көпчүлүгүнө жооп бере алган жок. Айыпталуучу Сапар Исаковдун "ЖЭБдин кайсы тарабында авария болду? Жаңысыбы, эскисиби?" деген суроосуна "билбейм" деп жооп берди. Айыпталуучу Жантөрө Сатыбалдиев: "Эмнеге бул жерге келип бизди шылдыңдап жатасыз? Сизди бул жерге мажбурлап алып келдиби? Бул жерде бүткүл өлкөнүн тагдыры чечилип жатат. Сиз контрактты окудуңуз беле?" деп нааразы болду.
Руслан Байдинов "Электр станциялары" ишканасында 2007-жылдан тарта иштеп келгенин айтты.
Булак:NazarNews.kg