www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жазында электробустар каттап калышы ыктымал. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине Бишкек автотранспорт ишканасынын директору Нурлан Койчубаков билдирди.

Электробустар 15 жылдык мөөнөт менен лизингге (товар түрүндө алынган насыя) алынып жатат.

“Тендердин алкагында 18 метрлик (15 даана), 12 метрлик (100 даана) 10 метрлик (300 даана) жана сегиз метрлик (100 даана) автобус сатып алуу пландалууда. Ал эми узундугу 10-12 метрлик 50дөн 100гө чейин электробус алуу каралган”, — деди Койчубеков.

Ошондой эле  ал январь, февраль айларында тендер жарыялана турганын билдирди. Анын айтымында, эгер конкурс ийгиликтүү аяктаса, жаздан тарта борбор калаада электробустар каттап баштайт.

Белгилей кетсек, соңку эки жылдан бери Бишкектеги абанын булгануусу чоң маселеге айланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости