www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-январь күнү эртең менен Тегеран аэропортунан көтөрүлгөн Украинанын «Боинг» учагын көздөй эки ракета кое берилген. Бул учур тартылган видеокөзөмөл камераларындагы тасма социалдык түйүндөргө жарыяланды.

The New York Times басылмасынын иликтөөчү журналисттери видеонун аныктыгын ырасташты.

Анда болжол менен 30 секунддун ичинде эки ракета учурулуп, экөө тең бутага таамай тийгенин көрүүгө болот. Учак дароо жарылган эмес, ал өрт тутангандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин кулап түшкөн. Анын ичиндеги 176 адамдын бардыгы мерт болгон. Иран бийлиги төрт күндөн кийин учакты кокустан атып алганын мойнуна алган.

Бул учур Ислам революциясынын сакчылар корпусунун базасынан бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан айылдагы үйлөрдүн биринин чатырындагы видеокөзөмөл камерасына түшүп калган. Ракеталар Орусиянын өндүрүшүндөгү «Тор» зениттик-ракеталык комплексинен кое берилген.

Шейшемби күнү Ирандын FARS агенттиги ракетанын учакка тийгени тартылган биринчи видеонун автору камакка алынганын кабарлады. Ал Тегеран учакты кокустан атып алганын мойнуна ала электе эле интернетке таркап кеткен. Ал ортодо видеону алгачкы болуп социалдык түйүнгө жайгаштырган активист Нариман Гариб аны берген Ирандагы булак коопсуз жерде экенин, бийлик башка адамды кармаганын билдирди.

Булак: "Борбор Азия жаңылыктар кызматы"

Последние новости