www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте административдик-аймактык реформанын алкагында көчөлөрдүн кайталанган аталыштарын жоюу жана бир багытта жайгашкан көчөлөрдүн аталыштарын бирдейлештирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаардык кеңеши 2026-жылдын 31-майында №89 токтом кабыл алып, ага ылайык бир катар көчөлөр жана проспектилер төмөнкүдөй аталыштарга бириктирилди:
Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаардык филиалы жаңы аталыштарга ылайык даректик номерлерди өзгөртүү иштерин аяктап жатат.
Бул этап бүткөндөн кийин Бишкек мэриясы көчөлөргө жаңы аталыштар жазылган аншлагдарды орнотуп, коммуналдык кызматтардын жана коомдук транспорттун маалыматтарын жаңылайт.
Мындан тышкары, жаңы даректер мамлекеттик маалыматтык системалар жана маалымат базалары менен интеграцияланат. Даректик маалыматтар «2ГИС» жана «Яндекс Карты» картографиялык сервистерине да жаңыртуу үчүн берилет.
Ошондой эле өзгөртүлгөн көчөлөрдүн жашоочуларына жаңы даректер тууралуу маалымат берүү боюнча тиешелүү техникалык жана уюштуруучулук иштер жүргүзүлөт.