www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалдык кɵзɵмɵл министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилиги астында республикабызда айлана-чɵйрɵнү тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык акцияны ɵткөрɵт. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Акцияга бардык жарандар кошулуп, кɵчɵлɵрдү, айылдарды, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырылат.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 2022 жылдын 8-октябрында алгачкы жолу ɵткɵрүлүп, 600 тоннадан ашык таштанды чогултулуп, ага 133 508 жаран катышкан. Бардык таштандылар сорттолуп кайра-иштетүүчү ишканалар тарабынан алынып чыгарылган.

“Бул жолку акция дагы жогорудагы алгоритм менен ɵткɵрүлɵт. Таштандыларды бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка киргизүү, экологиялык маданиятты арттыруу - иш-чаранын башкы максаттары”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости