www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-ноябрда колго түшкөн аткаминер автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталууда. Аты-жөнү ачык айтыла элек чиновниктин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши козголуп, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кыргызстанда жыл сайын жол кырсыктарында миңден ашуун адам көз жумат. Коомчулукта "айдоочулук күбөлүктөр сатылып, техникалык каттоо иштеринде жең ичинен жасалган иштер көптүгү" айтылат.
"Transparency International" эл аралык уюмунун 2017-жылдагы коррупциянын деңгээлин ченеген иликтөөсү боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 135-орунду ээлеген.
Булак: NazarNews.kg