www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте автобус, троллейбуска жол кире көтөрүлөт

Бишкек шаардык кеңеши 27-декабрдагы отурумунда борбордо муниципалдык автобус, троллейбуска жол кирени кымбаттатууну колдоду.

Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө, жол киренин баасы 11 сом бойдон калат. Жаңы тариф токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Жыйында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол кирени көтөрбөсө азыр сатып алынган жаңы автобустарды да жоготуп алуу коркунучу турганын айтты.

Буга чейин муниципалдык автобус, троллейбуста жол кире накталай төлөнсө, 25 сомго көтөрүү сунушу берилип, ал ишке ашпай калган.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси - негизги көйгөйлөрдүн бири. Быйыл муниципалдык автобус көбөйтүлүп, чоң жолдордо атайын тилке ачылды. Ушул тапта борбордо кичи автобустардагы жол кире 15 сом. Автобус, троллейбуста 11 сом.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости