www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун аймагында күрөөканалардын иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

40тан ашуун ломбарддын лицензиялык-уруксат берүүчү документтери, күрөөгө коюлган мүлк боюнча талаптар жана акчанын келип чыгышынын мыйзамдуулугу текшерилди.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча күрөөканаларга пайыздык чендерди минимумга чейин төмөндөтүү жана бардык айып санкцияларын эске алуу менен 20 пайыздык чектен ашпоо тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамдарды бузган күрөөканаларды аныктоо боюнча иш-чаралары улантылууда.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлерине 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу талабын койгон. Ал насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматтарын карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку пайыздык үстөк кошууларын төлөй албай турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап жаткандыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости