www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу учурунда Орусия Шериктештиктин алкагында экономикалык мамилелерди тереңдетүүгө, атап айтканда, улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдү кеңейтүүгө олуттуу көңүл бурууну көздөп жатат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 26-декабрда Санкт-Петербургда өткөн КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитинде билдирди.

"Албетте, биз КМШнын алкагында экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого олуттуу көңүл бурабыз. Өткөн жылы биздин өлкөлөр ортосундагы соода туруктуу өсүштү көрсөттү. 10 айдын маалыматы боюнча, ал 2%га өсүп, 83,7 миллиард долларды түздү", - дейт Путин.

Орусия Федерациясынын президентинин айтымында, Орусия шериктештикте өз ара эсептешүүдө улуттук валюталарга активдүү өтүүнү жактаган өнөктөштөрү менен мамилесин улантат.

"Бул биздин өлкөлөрдүн экономикалык жана каржылык эгемендигин ишенимдүүрөөк камсыздоого мүмкүндүк берерине ишенебиз", - дейт Путин.

Ал белгилегендей, Орусия Шериктештиктин төрагасы катары жалпы Евразиялык аймакта терроризм жана экстремизм, трансчек аралык кылмыштуулук жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, коррупция менен күрөшүүдө конструктивдүү биргелешкен иш жүргүзүүгө аракет кылат.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-декабрда Санкт-Петербург шаарында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммити өткөн. Владимир Путин өткөргөн иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлери катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости