www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Бангладештин жараны кармалды

Алдамчылыкка шектелген адам кармалды, деп маалымдады Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы.

Милицияга Бангладештин 9 жараны мекендешине карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Жабырлануучулардын айтымында, ал Бангладешке акча которууга жардам берем деп ишендирип, февраль айынан бери 1 млн сом алып, бирок акчаны өз керегине жумшап салган.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, шектүү катары 2003-жылы туулган И.М. аттуу жаран кармалды.

Бишкек ШИИББ кармалган адамдын аракеттеринен жабыр тарткандарды же кандайдыр бир маалыматы барларды 0 702 405 065, 0 507 289 944, 0 703 222 622, 0708 049 244 номурлары аркылуу байланышууга чакырат.

Последние новости