www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакын арада  Бишкектин Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн алдында эс алуучу коомдук жай ачылат. Курулуш жүрчү жердин жалпы аянты 786 чарчы метрди түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Ал жерге 18 спорттук тренажер, ыңгайлуу отургучтар жана жарыктандыргычтар коюлары күтүлөт. Колдонулбай турган эски футбол ойноочу талааны жаңылап, ишке берүү да пландалууда.

 Эске салсак,  эс алуучу жайды куруу боюнча,  BMAsiss компаниясы конкурстан утуп алган. Курулуш иштерине жалпысынан шаардык бюджеттен 3,3 миллион сом бөлүнүп берилди. Ал эми, подрядчиктер  эс алуучу жайды бир нече айдын ичинде бүтүрүп беришээрин убадалашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости