www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгында коомдук транспорттун маршруттук схемаларын оптималдаштыруу, жолдорду куруу жана реконструкциялоо боюнча жыйын өттү.

Бул тууралуу бүгүн, 17-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга КР УИАнын, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына караштуу ЖКККББнын, борбор калаанын муниципалдык администрацияларынын, Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун, БПАТП, БТУ жана УПП муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү катышты.

Борбор калаа тургундарынын керектөөлөрүн эске алуу менен Бишкек шаарынын маршруттук тармагын оптималдаштыруу боюнча КР Улуттук илимдер академиясы менен мындан аркы кызматташуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгында коомдук транспорттун өнүгүүсү, жол курулушу жана түтүндүн абалы боюнча изилдөө жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости