www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ терезесин мыйзамсыз караңгылаткандарды жазага тартуу боюнча укукту өзүнө алганга чейин милиция Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен чогуу мыйзам бузгандарды аныктап турат.

Бишкекте автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алгандарды аныктоо боюнча рейд башталганын ИИМдин ЖКККББ маалымат кызматы билдирди.

Рейд Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен чогуу өтүүдө. Анткени 1-январдан тарта күчүнө кирген Эреже бузуулар боюнча кодекске ылайык, маңдайкы терезелерин караңгылатып алгандарга чараны Транспорт министрлиги көрөт. Буга чейин бул милдет ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында болчу.

Текшерүү милдети ИИМге кайтарылганга чейин Транспорт министрлиги милиция менен чогуу мыйзам бузгандарды аныктап турмакчы.

Булак:NazarNews.kg



 

Последние новости