www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте тез тамактануучу 11 жай жана эки кафе жабылды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-июнда тамактануучу жайлар күтүүсүз текшерилген.
"Тамактануучу жалардын ичи кир, кызматкерлердин санитардык китепчелери жок болуп чыккан. Мындан улам 15-июнда аларды санитардык нормаларды аткарганга чейин жабуу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Кемчиликтер жоюлганга чейин төмөнкү жайлар жабылды:
Анкара көчөсүндөгү "Национальная кухня" ашканасы;
Бейшеналиева көчөсүндөгү "Ак Марал" кафеси;
Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү 11 тез тамактануучу жай.