www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Улуттук шахмат академиясынын ачылышы болду, деп билдирди Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
Шахмат академиясы президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө 2026–2030-жылдарга карата» жана «Кыргыз шахмат биримдигине караштуу Улуттук шахмат академиясы жөнүндө» жарлыктарына ылайык түзүлдү.
Академия эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды системалуу даярдоону, таланттуу жаштарды аныктоону жана колдоону, ошондой эле өлкөдө шахмат кыймылын мындан ары өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган.
Иш-чаранын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн Шахмат академиясында түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Ал шахматчылардын ата-энелери менен баарлашып, балдардын жана жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Анын айтымында, президенттин жарлыктары өлкөдө шахматты өнүктүрүүгө жаңы дем берди. Учурда өлкөнүн 500 мектебинде 3-5-класстын окуучулары үчүн «Мектептеги шахмат» долбоору пилоттук режимде ишке ашырылууда.
«Бүгүн Улуттук шахмат академиясы өз ишин баштайт. Ал таланттуу шахматчыларды даярдоочу маанилүү борборго айланып, Кыргызстандын намысын эл аралык аренада татыктуу коргой ала турган спортчулардын жаңы муунун калыптандырууга өбөлгө түзөт», - деди ал.
Иш-чаранын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев шахмат тактасында символикалык биринчи жүрүштү жасап, уюмдун ишин расмий түрдө баштап берди.
Жаңы академия жаш шахматчыларды окутуу жана даярдоо, машыгууларды жана таймаштарды өткөрүү, ошондой эле Кыргызстанда шахмат спортун мындан ары өнүктүрүү үчүн аянтча болуп калат.