www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги «Адинай» паркында 3-апрель күнү Дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата масштабдуу акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Иш-чара саат 10:30да башталат.

Дүйнөлүк ден-соолук күнүнүн алкагында акциянын коноктору ВИЧке экспресс-тест тапшырып, кандагы канттын көлөмүн текшерип, кан басымын өлчөтө алышат. Ошондой эле тамеки таштоо, туура тамактануу, менталдык ден соолук, биринчи жардам көрсөтүү жаатында кеңештер берилет.

«Акциянын катышуучулуры үчүн ден-соолукту жакшыртуучу жана көңүл ачуучу программалар даярдалган. Иш-чара веложүрүш менен аяктайт», — дешти министрликтен.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу катышуучулар бет кап кийип, бир метр аралыкты сактап, антисептикти колдонушу керек.

Эске салсак, жыл сайын Дүйнөлүк ден-соолук күнү 7-апрелде белгиленип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости