www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек араны делимитация жана демаркациялоо – бул абдан жоопкерчиликтүү, оор маселе. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

“Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Ворух анклавы боюнча сын айтканы негизсиз деп эсептейм. Экс-министр чынында тажрыйбалуу дипломат болсо, чек ара маселесин чечүүнүн натыйжалуу, ыңгайлуу жолун сунуш кылбайбы? Тескерисинче, бул пикири эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин бузулушуна алып келиши мүмкүн. "Жаман улут жок, жаман адамдар бар” – деген сөзгө дагы бир жолу ынандым. Көп жылдардан бери кыргыз-тажик чек арасындагы талаш-тартыш маселелер мурунку министр сыяктуу кадрлар иштеп келгени үчүн чечилбей жатканбы деген ой жаралат. Чек араны делимитация жана демаркациялоо – бул абдан жоопкерчиликтүү, оор маселе. Учурда кыргыз бийлиги мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, чек араны чечүүдө күнү-түнү иштеп жатат. Андыктан, ар кандай такталбаган маалыматтарга, каралоолорго ишенбейли”, - деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости