www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин айрым аймактарында 27-августта ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-августта саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге суу берилбейт.
Суу өчүрүлүүчү аймак:
Суу түтүгүнүн диаметри 200 мм болгон бөлүгүндөгү аварияны жоюу иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.
«Бишкексууканал» тургундардан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
Ошондой эле шаардыктар «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, суу өчүрүүлөрү тууралуу пландуу жана авариялык билдирмелерди алып тура алышат.
Ишкана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.