www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү акыркы беш жылда дээрлик 5,6 эсеге көбөйдү.
Бул тууралуу борбор калаанын мэриясында өткөн коллегиянын жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин такталган планы 47,8 млрд сомду түзөт.
2026-жылдын биринчи алты айында шаардык бюджетке 22,6 млрд сом түшүп, план 115,1%га аткарылган. Натыйжада планда белгиленген көрсөткүчтөн 3 млрд сомго көп каражат топтолгон.
Салыктык кирешелер 14,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 млрд сомго көбөйгөн.
Ал эми салыктык эмес кирешелер боюнча план 103,3%га аткарылган.
Жыйындын жүрүшүндө бюджеттин киреше бөлүгүн мындан ары да көбөйтүү жана анын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу негизги багыттардын бири экени белгиленди.