www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Достор, арабызда Европага суктанып, тамшангандарды көп эле байкап жүрөбүз. Бирок ошондой эле мүмкүнчүлүктөр өзүбүздө бар экенин сезбейбиз. Денебиз, физикалык абалыбыз Европаны каалаганы менен, аӊ сезимибиз уруулук түзүлүш боюнча өспөй калган. Бир мисал айтайын.

Эч качан досубуздун, кошунабыздын же таанышыбыздын ийгилигине кубанганды билбейбиз. Мектепте чогуу жүрүп, кийин чоӊ ийгиликтерди багынткан досубузду “азамат, өстү, ийгиликке жетти”-дегендин ордуна, “окуп жүргөндө мурду куюлуп эле жүрчү, ал тургай бир жолу кийиминен бит дагы чыккан”-деп айтабыз.

Мындай салыштыруу менен ичибиздеги көрө албастык сезимди сооротуп, сени менен чогуу жүрүп эле бийиктикке жетип алган, денгээли өсүп кеткен досунду, мурдагы “мурду куюлган” абалын айтып, мысленно өзүбүздүн денгээлге теӊейбиз. Биздин эӊ кайгыбыз ушунда. Качан оӊолуп, өсө баштайбыз? Башкалардын ийгилигине кубанганды үйрөнгөндө, чын ниеттен жылмайып учурашып, мээрим төгүп тиктегенге үйрөнгөндө өнүгөбүз.

Ошондо адамдар ортосундагы оройлук жоголот, ичи тардык жоголот. Ар дайым “Кыргызстан болбой калды, көчөгө чыгып революция кылыш керек”-деген “больнойлор” бар. Ал революция эч качан жардам бербейт, мээбизге, өзүбүзгө революция кылышыбыз керек. Ал оӊой эле, күн сайын жакшы сапат үйрөнүү, напсини тыйуу, ичи тардыктан арылуу.

Европалыктар ийгиликке жакшы мамиле кылуу, жылмаю менен эле жетишкен. Пайгамбарыбыз дагы "жылмаю бул чон садака" деп айткан. Келгиле, бүгүндөн баштап бир бирибизди жылмайып тиктейбиз, мээримдүү карайбыз! Өсөр элдин балдары - бири бирин баатыр дейт, өспөс элдин балдары бири бирин катын дейт. Жакшыбызды ашырып, жаманды жашырганды үйрөнөлү,-деп жазып чыкты Жылдыз Болотбекова Фейсбуктагы өздүк баракчасына.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости