www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бөдөш Аманбаевна, учурда мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосундагы жарака чоңоюп бара жаткандай, сиздин пикириңиз кандай?

--Укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун президенттик шайлоого карата тараткан маалыматы айла кеткендеги иш болуп калды урбек Токтакуновдун президенттик шайлоого карата тараткан маалыматы айла кеткендеги иш болуп калды. «Ууру уурдаганга эч нерсе таппай калса өзүнүн буюмун катып коюп анан ошону уурдап “удовольствие” алат» деген сыяктуу уюштуруучулардын даярдап берген схемасы экени билинип калды.  Аягы келип өздөрүнүн башына тийерин аңдабай калгандай. Анткени көчөнүн эмес мыйзамдын тили менен айта турган болсок шайлоо маалында штаб түзүлүп аны жетекчи башкарып  шайлоо өнөктүгү бүткөнчө баардык маселелерге анын ичинде каржы маселесине дагы түздөн-түз жооп берет. Жер жерлердеги үгүт иштеринин жүрүшү алардын каржыланышы дегеле шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде ийгиликтүү аяктоого биринчи кезекте штаб жетекчи анын орун басарлары аймактардагы атайын дайындалган жетекчилерден башка эч кимдин кийлигишкенге укугу жок. Президенттик шайлоону өткөрүүдөгү каржылык маселени штаб жетекчиси катары Фарид Ниязов менен анын орун басары Икрамжан Илмиянов жана башка дагы таасирдүү эки-үч адамдан башка эч ким аралашкан да албайт аралашканга мыйзам да жол бербейт болчу. Ошол жааттан алып караганда кызык нерсенин бети ачылып баягы «чылпагын алам деп көзун оюп алды» демекчи өз абийирлерин өздөрү ачканы калды көрүнөт. Бир сөз менен  айтып мыйзамдын көзү менен караганда кайдан, кимден кандай жол менен каражат жыйнап эмнеге сарпталганын мыйзам алдында абийирдин коомчулуктун алдында жооп берүүчүлөр штаб жетекчиси Фарид Ниязов менен ошол мезгилдин «серый кардиналы» аталган Икрамжан Илмиянов анан “Форумду” байырлаган бирин экин таасирдүү адамдар. Ошол эле учурда такталбаган маалыматты даярдап берген адамдар өздөрү экенин Нурбек Токтахуновду жалдап атканда унутуп калышкан го же болбосо «эң жакшы коргонуу бул  чабуулга өтүү» деген ыкманы колдонгондору го. Албетте алдыда коррупциялык иштердин эң орчундуулары жөнүндө текшерүүнүн жыйынтыктары чыкканы турат. ТЭЦ боюнча эсеп палатасы алгачкы жыйынтыгын айтты бутада ким турганын коомчулукка белгилүү болуп калды, анан ушундай «сокур жарга кептелгендей» кырдаалда “жатып өлгөнчө атып өл” болуп атат да.  Эмнеге бийлик үн катмак эле жогоруда айтылгандай жооптуу инсандар жооп берүүсү зарыл бийлик шайлоону өткөрүүдө каржы булактары менен камсыз кылууга милдеттендирилген эмес андан дагы ар кандай такталбаган маалыматтарга реакция кылып аны талкууга алуу бийлик башчыларынын анын ичинде өлкө башчысынын жоопкерчилигине кирбейт Конституцияда каралган эмес.

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости