www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин толкундануу менен айткан Указынан Атамбаев өзү дагы 6 жыл мамлекеттин башында олтурган, ак-караны башынан өткөзгөн адам катары “Мага элимдин берген баасынан жогору наам жок. Мен ыраазымын” деп баш тартып койсо жарашмак, деген пикирин саясатчы, Бөдөш Мамыроов "Жаңы ОРДО" гезитине берген маегинде айткан. 

— 2017-жылы экөөбүз маектешкенде Сооронбай Жээнбековдун биринчи Указы боюнча талкуу кылып, Атамбаевге Баатырлыкты шашып берип жиберди деген элек. Ушул кезге чейин Атамбаев “Баатыр” боло элек. Эми “Баатырлыктын” бактысы эмне болот?

— Өзүбүздүн менталитетке салып жалпак тил менен айтканда хандын сөзү эки болбошу керек. Указ элдин көзүнчө жарыяланып калган. Ошондо эле кичине шашып койду деп айткам. Туруп турса болмок. Бирок, жаңы президенттин толкундануу менен айткан Указынан Атамбаев өзү дагы 6 жыл мамлекеттин башында олтурган, ак-караны башынан өткөзгөн адам катары “Мага элимдин берген баасынан жогору наам жок. Мен ыраазымын” деп баш тартып койсо жарашмак. Хандын сөзү эки болбойт деп эми “Баатырлык” бериле турган болсо, ала турган адамдын былык иштери чыгып жатса, кайсыл жол менен берилет деп көп ойлоном. Бишкек ТЭЦтин автору өзү экен. Азыр Батукаевдин иши, Дача-СУ маселеси кайра жанданды. Бул иштердин баары ачыкталып калса азыркы президент кантип тапшырат да, мурунку президент кантип алат? Эгерде бербей койсо элдин көзүнчө айтылып калган Указды ким жокко чыгарат?

— Президент Жээнбеков “Менин президенттик мөөнөтүмдөгү приоритеттүү багыт өлкөнү санариптештирүү болот” деп айтты. Өлкө башчысы 6 жылдык мөөнөтүндө аткарып кетчү эң негизги багытын айтып жатса, ал ишти аткара турчу адамдары залда укташты. Уктаган команда менен президент келечектүү ишти калган мөөнөтүндө аткарганга жетишеби?

— Ар бир адам бурмаланбаган маалымат менен түз кабардар болушу зарыл. Жеткен маалымат менен коомго аралаша алат да. Өлкөнү санариптештирүүнүн милдети дагы ошол. Президент ушул маселени айтып жатканда, аткара турчу адамдардын уктап калганы дагы деле кадр саясатына барып такалат. Санариптештирүү деген эмне? Эмне үчүн муну президент көтөрүп жатат? Бизге бул программа эмне алып келет?- деген түшүнүктүн жоктугунан уктап олтурушат. Алар санарип деген эмне экенин түшүнүшпөйт. Жакшы окуган студенттер лекция маалында жанталашып жазып, угуп алайын дейт. Түшүнүгү жоктор уктайт. Экс-президенттин “Апрель” телеканалы азыр буйдалбай учурду кармап, ар бир маалыматты учурунда берип жатат. Аракеттеги президент менен экс-президент тирешип турганда, экс-президентке тийешелүү маалымат каражаттары мамлекет башчынын аракетине көз салып турат да. Ошондой учурларды коё бербейт. Ал эми учурдагы президенттин маалымат кызматы толугу менен бир жолу ушул маселеде реакция кылганын эч ким байкаган жок. “Фейсбукта” ушак жазып олтурат. Президенттин маалымат кызматын анализ жүргүзө ала турган адам башкарышы керек. Бүгүнкү маалымат кызматынын башчысы өзүн Жээнбековдон кийинки эле адам катары сезет. Маалымат каражат деген “Апрель” телеканалындай иштеши керек. Алар абдан жогорку темп менен иштеп жатышат. Мен президенттин маалымат кызматынын ушул окуяга жасаган реакциясын эле эмес, өлкө башчысы аткарып жаткан иштерге анализ жүргүзүп, элге жеткизгенин көрө элекмин. Путиндин маалымат катчысы Путинди бул жакка олтур деп колун жаңсап олтургузуп жатканын бир жолу көрдүңөрбү? Мен биздин президенттин маалымат катчысы Сооронбай Жээнбековду бул жерге олтуруңуз деп колу менен көрсөтүп, туруп басып баратканда, жолду көрсөтүп бул жакка басыңыз деп жол көрсөткөнүн көрдүм. Протокол деген болушу керек да. Бул анын иши эмес. Президенттин артында туруп сүрөткө түшөм, элге көрүнүп президенттин катарында басам, же болбосо президентке жол көрсөтүп, президент үчүн өзгөчө персона экен деген түшүнүктү таштайм деген маалымат катчынын иши болбошу керек. Анын милдети өлкө ичиндеги эле маалымат эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткан маалыматтардын деңгээлинде ой жүгүртүп, ага даяр турушу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости