www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Беш жылдык кара дубанын күчү

Ушул айтылган сөздү укканда эле менин көңүлүм кирдеп, жаман ой денемди курчап, кара көңүл боло түштүм. Андан дагы тиги молдоке көзүмө укмуштай серт көрүнүп кетти. Дароо көзүмдү жумуп, молдонун айткан сөзүн укмаксан болуп койдум. Андан дагы анын үйүнөн тез кетип калышын ичимден миң кайталап, тилеп жибердим. Ошондо билдим жаман сөздүн таасири адамга абдан терс энергия берээрин. Бир кезде молдону карасам менден көзүн албай карап турган экен. Ал турсун ал эмне максат менен "үйдү жагып калды" деп айтканын да билдим. Эми менин бир гана максатым молдокенин эптеп үйүнөн кетиш гана керек болуп калды. Бирок молдо эч шашылбай олтурганын баамдай калдым да анан кара күчкө калп айтууга туура келди.

-Молдоке азыр мен бир жакка барат элем, макул көрсөңүз мага уруксат бересизби, даярданышым керек эле-десем молдоке дале эч шашылбай: -Шашпа, шашып жүрүп убакытты адамдар өздөрү шаштырат. Бул жашоодо шашпай беш жылдык кара дубанын күчү жашаш керек деп акылдуусуна баштаса боло. Андан дагы эч шашылбай төрдү ээлеп чалкалап олтуруп алганычы. Эх, эмнеге анын үйүнө келдим жана анын үйүмө келишине эмнеге макул болдум деп өзүмчө бушайман боло баштадым. Менин айткан сөзүм тигиге эч таасир бербегенсип дагы чыныны сунуп жатпайбы, кызматчы келинине "чай ичем" дегенсип. Молдокеге чай куюп сунду эле, мен ал жерден кетип калыштын амалы кылып олтурган ордумдан туруп кийине баштадым. Молдоке бир нерселерди сүйлөдү, ал турсун суроо берди, мен жооп берген да жокмун. Бул аракетим менен аны жактырбай жатканымды билди. Качан мен кеткенге даяр болгонумда гана молдоке ыкшалып ордунан туруп жатып: -Мен чакырган кезде келип турсаң, сен мага абдан жагып жагып калдың десе боло. Ушул сөздү укканда кулагым тунуп, көзүм караңгылашып кетти. Эми менин башымды айлантып аял кылып алгысы келип калдыбы деген ой мээме кыттай уюп, денем ичиркенип кетти. Ушул жашка келгени адам баласын мынчалык жаман көрүп калган жан эмес элем. Молдоке заарын чачкан кара чаар жыландай бир башкача көзүмө көрүндү.

Ал турсун эми анын мага койгон тузагынан кутула албасыма ишенип да турдум. Ар бир нерсенин ак-карасы болот. Күн, түн менен кызык, жаман-жакшысы менен кызык экенин билем. Бул молдоке ак ниет, таза молдолордун дарегине көө сүйкөгөн молдо экенине бөркүмдөй ишенип, ушунчалык анын жанынан кетип калсам кең ааламга туш болчудай сездим өзүмдү. Жаман ойдогу адамдар дайыма адам баласын басынтып жиберет эмеси. Качан гана мен үйдөн чыгып кеткенде кадимкидей өзүмдү жеңил сездим, кудум көп жыл абакта жатып чыккан адамдай болуп. Кызыктын баары кийин башталды. Эки курдай чакыртып жибериптир, куру шылтоону айтып барганым жок. Бармак турсун анын атын укканда жүрөгүм сайгылашып кетет десең. Аз убакыттын ичинде менин ага карата болгон оюм карарып, дитим бузулду. Мен чынында намаз окуган адамдар чынчыл, таза адам болот деген ойдо элем. Көрсө, адам аласы ичинде, мал аласы сыртында деген чын экен. Бир келген жашоодо ушунчалык арам ой менен улуу Жаратканга жакпаган ишти аркалап, алек болуу бул чындап караган кишиге туура эмес. Болгондо дагы динге берилген адамдардын тетири жолдо жүргөндөрүнө ким ишенет. Ал турсун буга чейин намаз окуган кишилерге абдан кызыкчу элем, динге берилген таза адамдар деп. Көрсө динди булгаган, динге көө жапкан молдолор бар экенин өз көзүм менен көрүп, алардан ирээнжип калдым. Бирок баары бирдей эмес да.

Бердикожо Бийназаров

Булак: “Шамбала”

Последние новости