www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: «Келме келтириңиз, апа!»

— "Тез жардамдын" номерин билет белеңер?! – деп кыйкырып атыптырмын бир маалда тротуардын ортосунда. Мындайды кинолордо гана көрүп жүрөт эмес белек, алдастап 103кө чалсам «абонент бош эмес» дейт.

Бирөөнүн аманатын тапшырып, аялдамада троллейбус күтүп турсам арттагы жолдо бир эже көпкөк муздан тайгаланып жыгылып түшүп, эми турганы жаткан экен. Шашып барып «эжекелеп» тургуза калсам колу билегинен кыйшайып турат. «Мен колумду сындырып алдым окшойт», – деди онтолоп.

Скорыйды күтүп олтурбай эле аялдамада турган таксиге олтуруп, ооруканага жөнөп калдык. «Менин таксиге акчам жок да», – деди эже колун кармап, жаны көзүнө көрүнүп турганда. Кайсыл кайраттар, кайсыл түпөйүлдүк айттырды экен дедим ичимден...

Бир топ шок жашадым. Эми маанилүү деле эмес, жолдордун муз экендигин же врачтардын шашпай, бир аз кайдыгер мамиле кылганын деле күнөлөбөйм. Жада калса, колу сынык эже көзүнөн от чачырап шылкыйган жансыз колун бир аянычтуу кармап 4-этажга жөө чыкканын, андан бери түшүп башка корпуска гипске барууга мажбур кылышканына деле айыптабаймын. Бирок, бир тилегим: ушул ооруканаларга күнүм түшпөсө экен...

— Сен кимиси болосуң? – деди медайым. — А мен сени уулу деп ойлогом, – деди дарыгер.

Сынык өтө эле олуттуу экен, эже чыңырганда жанында тура алган жокмун. Дарыгер коридордогу кыргыз балдарды чакырып, жардам сурады. «Келме келтириңиз, апа!», – деди бирөөсү колун кармашып жатып.

Эртең менен эле Кудайдын тартууларына сурак сурап жаткам, түштөн кийин үнүмдүн жетишинче алдастап "Тез жардамдын" номерин издеп калдым.

Таксиге олтургузууга жардам берген байкеге, "Мен дагы адаммын да",- деп бизди акысыз жеткирген орус таксистке, жардамдашкандарга ичим жылыды.

Узун сөздүн кыскасы, жол-белде басканда абайлай жүргүлө, сөөктүн ордунан ыргып сынып кетиши бир көз ирмем экен. Эч кимден жылуу сөз күтпөй эле бүгүнкү көз ирмемди жаздым, көзү өткөн бир журналисттин шаардагы кайдыгерликке кейип жазган макаласы эсиме түштү...

(Facebook социалдык тармагынан алынды)

Последние новости